Энтони Блинкен Казакстанда Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ министрлери менен жолугат

28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстанга алгачкы расмий сапары менен барат, деп жазат NewTimes.kz.

Маалым болгондой, мамлекеттик катчы Астанада болгон учурунда президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан кабыл алынып, Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөр болот.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалгандай, ошол эле күнү Астанада Блинкендин катышуусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин С5+1 форматындагы министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу өтөт.