Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иши аксап жатат, – министр

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөнүнө байланыштуу №3 балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

1633682848 large үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иши аксап жатат, - министр

Анын айтымында, чындыгында ооруган балдардын саны көп.

“Республика боюнча кошумча жайлардын көбөйтүү боюнча буйрук чыкты. Эмдөө иштери уланууда. Дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканаларга барып, ал жактагы дарыгерлерге жардам берип жатышат, биз дагы ординаторлорду тартып жатабыз”, – деди Баатырова.

Ал белгилегендей, ооруканада балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, алардын 80-85%ы үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылбай, дароо эле ооруканага келишкенин айтышкан.

“Албетте, бул оорукана үчүн чоң жүк. Бирок моюнга алыш керек, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иши аксап жатат. Биз мектептерге санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлерди жөнөткөнбүз. Чын эле статистикада көрсөтүлгөндөй санда ооруп жатышса, анда класстарды карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алабыз», – деди Баатырова.