ЖЕЭК жыйынын 150гө жакын чет элдик ЖМК өкүлдөрү чагылдырууда 

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевбилдирди.

Иш-чараны чагылдырууга 150гө жакын чет элдик жана 80дей ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланган.

«Пресс-борбордо журналисттердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн», — деп кошумчалады Султанбаев.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн, 9-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.