Бишкектин дагы бир нече мектебинде жарылуучу зат коюлган

Бишкектин дагы алты мектебине жарылуучу зат коюлганы айтылууда. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазууда.

Маалыматка ылайык, милицияга Свердлов районундагы №4, 67, 11 мектептерде жардыруучу заттар бар экендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Кошумчалай кетсек, ушундай эле билдирүү №48, 61 жана 78-мектептерге да түшкөнү айтылды.

Ал эми шаардык милиция жогорудагы маалыматты азырынча тактай элек.

Эске салсак, бүгүн эртең менен №4 мектепте жарылуучу зат бар деген кабардан улам эвакуация болгон. Бүгүн саат 8.25те №4 мектептин электрондук дарегине бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү келгенин Бишкек ШИИБ тастыктады.