Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарына Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунан президентти Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
![6392cf594c41a Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке учуп келди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/6392cf594c41a.jpeg)