
2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Элчилик мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өтүүгө чакырат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу алар манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот.