Кыргызстандыктар Россияга бир гана жол менен бара алат

Учурда Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө аба аркылуу гана уруксат берилген.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Казакстан кыргызстандыктардын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөнү алып салган. Бирок Орусия чектөөнү ала элек.

Элчилик Орусиядан өткөрүү пункттар аркылуу автоунаа менен чыгууга гана уруксат берилерин, муну эске алуу керектигин эскертти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 11-апрелден тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү жойгонун билдирген. Чек арадан өткөндө эки тараптан тең жарандардан ПЧР-тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи, паспорту талап кылынат.

Чек ара бекеттериндеги чектөөлөрдү алуу тууралуу чечимди Казакстандагы коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча мемелер аралык комиссия чыгарган.

Казакстан 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам чек арадан жүргүнчүлөрдүн катташына чектөөлөрдү киргизген. Мындан улам кыргыз жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана барып жаткан. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтөт.

Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү да акыркы күндөрү кыйындап, бекетте узун кезек жаралды.