Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат. бул утуралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин «Al Huqооq International Company» компаниясы кол коюшту.

«Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат», — деп түшүндүрдү министр.

Белгиленгендей, кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талап – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак.

355666801 664432829059727 7214871035856226698 n 1536x1024 1 Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат