Бишкекте үй тибиндеги кезектеги балдар бакчасы ачылды

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда үй тибиндеги кезектеги балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи май районунун администрациясынын өкүлдөрү, № 1 Челлендж жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

143889jpeg w780 h500 resize Бишкекте үй тибиндеги кезектеги балдар бакчасы ачылды

Өз сөзүндө Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтууну жогорулатуу” “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын №1 Челлендж тобунун жетекчиси балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөндөрдүн салымынын маанилүүлүгүн белгиледи.

News 326816930744636821124325923985820955088 Бишкекте үй тибиндеги кезектеги балдар бакчасы ачылды