Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрү жаңы Ми-17 тик учагына ээ болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, тик учак ведомство менен «Рособоронэкспорт» ААКнын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен алынган.

300530 Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды

Коргоо башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов белгилегендей, көп максаттуу тик учак жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Куралдуу күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бир топ жогорулатат.

Ми-17 Кыргызстанга Ил-76 учагы менен жеткирилген. Авиация техникасын чогултууну Казан вертолет заводунун өкүлдөрү жүргүзүштү.

300531 Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды
10 1 Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды
03 Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды
06 1 Куралдуу күчтөрүнө жаңы Ми-17 тик учагы тапшырылды