Талас шаарынын майрамында укук бузуу катталган жок

22-июнь күнү Талас шаарынын 79 жылдык мааракеге карата борбордук аянтта майрамдык салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, шаардын мэри Эрмат Жумаев, шаардык кеңештин спикери, Альянс Алтын компаниясынын өкүлчүлүгү жана активдүү уюмдар катышты.

Анда мектепти аяктап жаткан мыкты окуучулдарга аттестат жана сыйлыктарды тапшыруу, спорт оюндары, жарманке, көргөзмө жана башка оюн-зок концерттери уюштурулду. Ал майрамды көрүүгө келген шаар тургундары түнкү он экиге чейин көңүл ачышты. Ал иш чарада ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыз кылышты. Унаа токтоочу жайда, концерт болгон жерде жана анын айланасындагы аймактарда посттор уюштурулуп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерди жүргүздү. Майрам убагында укук бузуулар, жол кырсыктар жана кылмыштар катталган жок. Жергиликтүү тургундар маданиятты жана коомдук тартипти жакшы деңгээлде сакташты.

e7390971 c226 4783 84f3 502a19c41a27 Талас шаарынын майрамында укук бузуу катталган жок
fd0ee86c ad6f 4775 a0fc 717f9d2e039d Талас шаарынын майрамында укук бузуу катталган жок