“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин ишке ашпай калышына себепкер адам абакта отурат, – Жапаров

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин тагдыры боюнча маселе көтөрдү.

“Бул холдингди түзүүгө 3,5 миллиард сом бөлүнгөн. Чыгымдар 700 миллион сомду түздү, жоюуга дагы 250 миллион сом керек болот деп жатышат. Кандай болуп жатат? Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн ушундай холдинг түзүлүп, миллиондогон чыгашалар боло береби? Европадан мыкты адис мекендештерибиз иштейм деп келишти эле, эми алардын көңүлү калып кетишти. Бул чыгымдардын баарына ким жооп берет?» — деди Акаев.

Депутаттын суроосуна Алылбек Жапаров жооп берип, «Жооп бере турган адам азыр отурат. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт. 700 млн сомдун көпчүлүгү бонус. Биз 10 чакты лицензия бергенбиз. Ошолордун бизнес долбоорлору иштеп баштаган. Биз бонус катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлигине төлөшүбүз керек экен. Бул акчанын баары кайра бюджетке түшөт», — деди.