Чолпон Султанбекова: Улуттук жазуучулар союзу коммуналдык төлөмдөрүн төлөй албай жатат

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге Улуттук жазуучулар союзун колдоо боюнча суроосун узатты.

“Өкмөт тарабынан көңүл бурулбай унутулуп калган Улуттук жазуучулар союзу деген уюм бар. Өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери улуттун уюткусу болгон Аалы Токомбаев, Токтоболот Абдымомунов, Чыңгыз Айматов, Омор Султанов сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн инсандардан куралган биздин жазуучулар союзу азыр да бар. 2004-жылы азыр Москвада жүргөн президент Улуттук деген макам берген. Бирок, ошол кезде эле мамлекеттик макамды алганына карабастан жазуучулар союзу эптеп эле күн кечирип келе жатат. Бул биз үчүн өтө уят маселе болууда. Анысы аз келгенсип бүгүнкү күндө алардын мамлекет алдында карызы бар экен, коммуналдык төлөмдөрүн төлөй албай марафон уюштурганга аргасыз болуп жатыптыр. Бул маселени министрлер кабинети карап чечип коюшу керек. Башка мамлекеттер көрсө уят болот. Ансыз да биз башка өлкөлөрдөн өзүбүздүн театрларга акча алып оңдоп келе жатабыз. 400 дөн ашуун жазуучуларыбыз мүчө болгон уюмду караш керек”, – деди депутат айым.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбековду өзү жеке кабыл аларын айтып сөз берди.