Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүштү.

Бул тууралуу Кайгуул кызматынан Булак. кжге билдиришти.

WhatsApp Image 2022 12 08 at 15.09.11 Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү


Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, декабрь айынын 8-күнүнөн 10-күнүнө Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) өтүшүүгө байланыштуу кызмат өтөө тартибинин күчөтүлгөн режимине өтүштү.
Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан 500дөн ашык кызматкери тартылган.
Кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат:

  • «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
    Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!
    Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз.
    Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды «Манас» аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз.
    Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат.
WhatsApp Image 2022 12 08 at 15.09.12 Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү
WhatsApp Image 2022 12 08 at 15.09.10 Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү

  • Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.