Көк-бөрүдөн келе жаткан улакчы каза болду

Чүй облусунун Жайыл районунун Орто-Суу айылындагы арыкта эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жансыз денеси табылган жаран Айдарбек айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Д.Б. экендиги такталган. Суралган туугандарынын айтуусу боюнча аталган жаран 2022-жылдын 2-декабрь күнү Орто-Суу айылында өткөн тойдун көк-бөрү оюнуна катышкан.

Өткөрүлгөн оюнда жүргөн адамдар Д.Б. мас абалында болгонун билдиришкен.

Өлүмдүн эмне себептен келип чыкканын тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.