Министр: Мен айтпай туруп, түнкү саат үчтө Жалдагы ооруканага бардым

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дагы буга чейинки министр Алымкадыр Бейшеналиевдей болуп дем алыш күндөрү ооруканаларды катардагы жаран катары кыдырып жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ал комитет жыйынында билдирди.

«Мен айтпай туруп 22 ооруканага барып, абалды өз көзүм менен көрдүм. Түнкү саат 3:00дө эмнеге кезекке турушат болду экен деп Жалдагы балдар ооруканасына бардым. Азыр өзүмө жыйынтык чыгарып жатам», — деди министр.