Бишкектен Гоага түз аба каттам ачылат

Бишкектен Гоага (Индия) түз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек — Гоа — Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачууда.

Алгачкы каттамдар 20 жана 28-декабрда аткарылары пландалууда. Ошондой эле, келерки жылы 5, 13, 21-январда аба каттамдар жүргүзүлөт.