Президент тарабынан сунушталган. ЖК комитети Конституциялык сотко эки айымдын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Конституциялык соттун судьялыгына Лунара Жолдошбекова жана Чынара Айдарбекованын талапкерлигин жактырды.

Алардын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган.

Чынара Айдарбекова — «Ист-Вест менеджмент институтунун» Кыргызстандагы филиалынын укук булагы долбоорунун сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча программасынын жетекчиси, мурда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болгон.

Ал эми Лунара Жолдошева — «Улуттук медиация борбору» коомдук бирикмесинин юристи. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер болгон.

Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.