Жогорку Кеңеш Медер Алиевдин ордуна жаңы төраганы шайлады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Чолпон Султанбекова шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Султанбекованын талапкерлигине 81 депутат макул, экөө каршы добуш берди.

Эске салсак, депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча арыз жазган. Анын мындай чечимге келүүсүнө Кемпир-Абад боюнча келишим себеп болгонун билдирген.