Дубайга 1 млн сомдук уютунду алып бараткан жаран кармалды

«Манас» бажысында 1 миллион сомдон ашык суммадагы контрабандалык табигый уютунду кармалды.

Бажы кызматынан маалымдашкандай, «Манас» аэропортунун аэровокзалдык комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлдөө жүрүгүзүүнүн алкагында «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.

2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек-Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан Fly Dubai авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай Эл Республикасынын жараны «И.Т.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) кармалган.

Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн.

Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 048 836 сомду түзөт

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар мыйзамга ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

foto gts 3 Дубайга 1 млн сомдук уютунду алып бараткан жаран кармалды
foto gts 2 Дубайга 1 млн сомдук уютунду алып бараткан жаран кармалды