
Бүгүн, 30-ноябрда Балыкчы шаарынын Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, куткаруу шаймандарынын жардамы менен эшикти ачып беришкен.
Батирде эки кичинекей бала калып калган. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, балдар аман-эсен ата-энесине берилген.
