Суу сактагычта кайык менен сүзүп жүргөн эки өспүрүмдүн бирөөсү табылды

Баткендеги Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-майда саат 20:35те Төрткүл суу сактагычында кайык менен сүзүп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) балдар сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Издөө иштерине 10 куткаруучу тартылып, издөө иштери түнкү саат 00:00гө чейин жүргүзүлгөн. Бүгүн, 15-май күнү саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Издөө иштери уланууда.