Жайыл райондук электр тармактарынын мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Чүй облусунун Жайыл РЭТнын мурдагы жетекчиси Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалган.
“Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТнын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнын негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.


Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 032 197 сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 05 15 at 10.09.53 Жайыл райондук электр тармактарынын мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды