Сүлүктү шаарында эки өспүрүм дайынсыз жоголду

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында эки өспүрүм дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын Джураева көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анын уулу 2007-жылы туулган Азимбаев Жоламан Курмамбаевич өзү жашаган Сүлүктү шаарындагы Джураева көчөсүнөн 2022-жылдын 16-январь күнү “досумду айтып келейин” деп саат 10.00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес эместигин билдирген.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы узун боз түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: ак түстөгү жемпир, кара булгаары куртка, кара түстөгү шым, ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.

Ошондой эле, ушундай эле арыз менен Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн 37 жаштагы дагы бир тургуну кайрылган.

Кайрылууга ылайык, 16-январь күнү эрте менен саат 8.30дарда өзү жашаган үйүнөн жумушка кетип жатып, уулун ойготуп коеюн деп киргенде анын уулу 2007-жылы туулган Камалов Кылычбек Баатырбекович бөлмөсүндө жок болуп чыккан.

Белгилери: бою 155-160см, чачы, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, кара түстө куртка, кара түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим.

Жогорудагы эки факты Сүлүктү ШИИБне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү балдарды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.

Байланыш үчүн номерлер (03653) 5-06-51; 0220 79-35-03