
Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесине ылайык ал тууралуу буйрукка кол койду, деп билдирди басма сөз кызматы.
Б.Жетигенов КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон. Мурунку мэр Алмаз Мамбеталиев кызматтан бошотулган болчу.