Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду

ИИМде Улан Ниязбеков менен КМШга катышкан мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болуп өттү

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен КМШга катышкан мамлекеттердин терроризмге каршы борборунун жетекчиси генерал – полковник Евгений Сысоевдин жолугушуусу болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 15.01.55 1 Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду


Жолугушууга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана КМШга катышкан мамлекеттердин АТБнын өкүлдөрү катышты.


Тараптар Борбордук Азия регионунда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматы борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 15.01.57 1 Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду
WhatsApp Image 2022 11 24 at 15.01.56 Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду
WhatsApp Image 2022 11 24 at 15.01.55 Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду
WhatsApp Image 2022 11 24 at 15.01.57 Улан Ниязбеков менен КМШнын Антитеррористтик борборунун жетекчисинин жолугушуусу болду


Жолугушуу достук жана жылуу мамиледе өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы