SuperTV’нын кабарчысын сабап кеткен шектүү кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү Ж.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен белгисиз жарандар күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 телефонун жана 3,5 миң сом акчасы бар капчыгын тартып алышканы жазылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.

snimok 203 SuperTV’нын кабарчысын сабап кеткен шектүү кармалды