
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов социалдык тармактагы баракчасына УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

«Үйгө УКМКнын кызматкери И.И. келип, саат 21:00дөн кийин кеңсеге «сүйлөшүүгө» чакырды. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, кандайдыр бир жашыруун органдарга», — деп жазат ал.
Эске салсак, Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.