Камчыбек Ташиев Элвира Сурабалдиевага туулган күнүнө эмне белек кылды?

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева парламент спикери Нурлан Шакиевге нааразылыгын билдирди.  

“Урматтуу төрага биз сизди шайлап жатканда, сиз депутаттардын үнү болом, атасы болом, коргоп турам деп убада бергендиктен сизди бир добуштан шайлап бергенбиз. Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүнөн УКМКнын эки кызматкери маңдайында туруп чыгартышкан. Аны парламентте бардыгы билишет. Кеп Элмира Усеновада эмес да, аялдарга жабышканга эле кыйынбыз.

Экинчиден Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергендердин бардыгына коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Эгер сиз унчукпай отура берсеңиз, ошол добуш берген 19 депутат сизди шайлаганыбызга өкүнүп баштайбыз.

Кечээ күнү менин туулган күнүм болчу, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сизге белек үчүн чоң рахмат. Мен аны эч качан унутпайм. Бир тууганыма иш козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Мындай кысым болот деп ойлогон эмесмин.

Бул жакка келип депутаттар менен сүйлөшсөм жакын туугандарын кызматтан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарым мамлекеттик кызматта жок экен, бирок алыскыларын да кызматтан алып жатышыптыр. УКМК оокат-бизнесиңерди да тартып алам десеңер, мындай Бакиевдин заманында да болгон эмес. Жайында коркутуп-үркүтүп текшерип да чыктыңар. Сурабалдиева Чүйдүн элин митингге даярдап жатыпыр деп айып тагып, аудиосу да бар экенин айтышкан. Мен ал аудиону бергиле дейин деп Акылбек Усенбековичке барганда колума саат тагып, грамота берип узатып коюшкан.

Бул жерде бардыгы коркуп жатканын жакшы түшүнөбүз, бирок мындай деңгээлге түшпөш керек да. Биз сизди спикер кылып эмнеге шайладык? Бардыгыңар табакташып отуруп алып бизди бирден атып эле салбайсыңарбы?!”

YouTube video