Мурат Суталинов УКМКга сүйлөшүүгө чакырылды

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов социалдык тармактагы баракчасына УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

c68b2cbb 1f30 40b5 8634 eff9c450863e Мурат Суталинов УКМКга сүйлөшүүгө чакырылды

«Үйгө УКМКнын кызматкери И.И. келип, саат 21:00дөн кийин кеңсеге «сүйлөшүүгө» чакырды. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, кандайдыр бир жашыруун органдарга», — деп жазат ал.

Эске салсак, Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.