Сүйүнбек Өмүрзаков төрагага: Бакиров эмес 90 депутаттын бирөөсүн ушундай кылган бул сыйлабагандык

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-ноябрдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков сөз сүйлөп төрагага кайрылды. Ал өз сөзүндө депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы тууралуу маселени бүгүн да көтөрүп, аны көз жаздымда калтырбоо керектигин белгиледи.

«Мен кечээ да айткам, бул бир эле Бакиров эмес 90 депутаттын бирөөсүн ушундай кылган бул сыйлабагандык. Биз эл өкүлдөрүбүз.

Сиз олтурган 7-кабаттагы кесиптешибиздин эшигин бузуп кирип, иш кагаздарын чыгарып салып жатышат. Ким ушу талкалап, иш бөлмөгө кирип эмеректерин чыгарып жатат. Ким сизди уят кылып жатат, билбейлиби, келсин 15 мүнөт маалымат берсин. Биз депутаттар бир билекке бирикпейлиби», — деди ал.