Шайырбек Ташиев Асылбек Жээнбековдун мурда отурган кабинетин ээледи

Камчыбек Ташиевдин бир тууган депутат иниси Шаирбек Ташиев мурда Асылбек Жээнбеков отурган кабинетке көчүп кирди. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар билдирди.

Шайырбек Ташиев өзүнүн кабинетин учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевге берген.

Эсиңиздерде болсо, мурдагы төрага Асылбек Жээнбековдун иш бөлмөсү өзгөчө жасалгаланып, душ, дааратканасы ичинде болгон. Ошондой эле, Ак үйдүн 7-кабатында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жашыруун бөлмөсү бар экени айтылууда.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы спикери да билген эмес.