Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

Кыргызстан боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алды.

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Маалымат үчүн:

25-ноябрда – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет. Министрлер кабинети гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү боюнча аракеттерди көрүүдө. 2022-жылдын 16-сентябрында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилген.