Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Бул туурасында Нарын ОИИБи билдирди.

2022-жылдын 16-17 ноябрь күнү Нарын шаарынын аймагында “Селсаяк” аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралары болуп өттү. Аталган иш-чарага Нарын ОИИБдин 239 жалпы өздүк курамы тартылган.

Аталган түшүндүрүү иш-чарасынын жүрүшүндө Нарын шаарында жайгашкан жатаканалар, автобекеттер, түнкү клубдар текшерилип, ал жерлерде эс алуучулар, спирт ичимдигин өнөкөт ичкен адамдар жана башкаларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кармалган адамдар фотосүрөткө тартылып, манжа изин тактары алынып, мурда болгон кылмыштарга катыштыгы бар же экендиги текшерилди.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгында Нарын облусунун аймагында облустун ЖККК тарабынан 14 айдоочуга, жана жөө жүргөн 26 адамга Кыргыз Республикасынын УБЖКде көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча протокол толтурулуп, бузуулардын бирдиктүү реестрине каталган.

Мындан сырткары облус аймагында киргизилген операциянын жүрүшүндө дайынсыз адамдар табылып жана кылмыштардын беттери ачылган.

WhatsApp Image 2022 11 22 at 10.28.47 1 Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү
WhatsApp Image 2022 11 22 at 10.28.48 Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү
WhatsApp Image 2022 11 22 at 10.28.46 Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы