Казакстанда президенттик шайлоо аяктады

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктап, шайлоочулардын катышуусунун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. БШКнын маалыматына караганда, Астана убактысы боюнча саат 22:00гө карата шайлоочулардын 69,43 пайызы катышты, деп билдирет Tengrinews.kz.

“Өлкө ичиндеги бардык шайлоо участкаларында добуш берүү аяктады. Добуш берүү Казакстан Республикасынан тышкары жерлерде гана 44 шайлоо участкасында уланууда. Шайлоо бюллетендерин 8 миллион 299 миң 501 адам же тизмеге киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 69,43 пайызы алды. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө келген шайлоочулардын алдын ала маалыматы боюнча ишти аяктады», — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Константин Петров.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы 21-ноябрда эртең менен чыгарылат, деп кошумчалады Константин Петров.

Борбордук шайлоо комиссиясы алты талапкерди каттоодон өткөргөн: Касым-Жомарт Токаев, Мейрам Кажыкен, Жигули Дайрабаев, Нурлан Ауесбаев, Каракат Абден жана Салтанат Турсынбекова. Дагы алты талапкер шайлоо мыйзамына туура келбегендиктен каттоодон өткөрүлгөн эмес.