
Бишкек-Ош жолунун Капчыгай тилкесинде кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, 6 адам каза болду. Аталган мекемеге Жалал-Абад облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-ноябрда саат 10:00дөр чамасында «Форд Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобус каршы тилкеге чыгып кетип, оор жүк ташуучу Scania менен кагышкан. Каза болгондордун тизмеси: 1. Кичи автобустун айдоочусу Ж.А.А. 1968-жылы туулган, Кадамжай районунун тургуну, 2. Аял Г.Г.Ы. 1972-жылы туулган, 3. Эркек М.уулу.Р. 1994-жылы туулган, 4. Эркек С.Ш. 1967-жылы туулган, 5. Аял I.S.S. 1972-жылы туулган, 6. Болжол менен 65-70 жаштардагы белгисиз аял. Алардын баары кичи автобустун жүргүнчүлөрү болушкан.