Бишкекте эмерек ишканасы өрттөндү

Бишкектин Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмерек чыгаруучу цех жана анын жанында жайгашкан 2 ангар ичиндеги станоктор, жыгач тактайлар, кездемелер өрттөнгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн. Ири өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

«Маалым болгондой, 19-ноябрга караган түнү эмерек чыгаруучу цех өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, 1 автошаты, ошондой эле Суу чарба ишканасынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 06:04дө чектөөгө алынып, саат 18:00дө толук өчүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.