Кримтөбөл Камчы Көлбаев санаалаштары менен кармалды, – сүрөт

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздк мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги «Булат-М» мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда «Карасай» чек ара пунктунан Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык, кармалгандарга административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.