Cоциалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан жаран кармалды

Ош облусунда социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан жаран кармалды


2022-жылдын 17-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында “Экстремист” аталыштагы ыкчам алдын алуу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районунун тургуну, 28 жаштагы М.А., аттуу жаран кармалган.


Ал жаран социалдык тармактар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио/видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды интернет тармагы аркылуу жайылтып, диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.


Аталган факты, Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде козголгон кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.


Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы