Жогорку Кеңеш “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредиттөө комиссиясы “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалым болгондой, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүргөн.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калды.