Улуттук энергохолдинг электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча маалымат берди

Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы кечээ кечиде жана бүгүн эртең менен да өчүрүлгөнү кабарланды. Соцтармак колдонуучулары үйлөрүндө электр жарыгы эч кандай алдын ала кабар берүүсүз өчүрүлгөнү айтышып, кышка карата чектөөлөр кирүүдөбү же электр зымдары кубаттуулукту көтөрө албай жатабы деген суроо салышууда.

Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы бул боюнча маалымат таратып, электр жарыгы авариялык абалды алдын алуу максатында өчүрүлгөнүн билдирди.

«Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн олуттуу өсүшү байкалды. Электр жабдууларына жүктөлгөн жүктүн жогорулашына байланыштуу жабдууларды мүмкүн болгон авариядан сактап калуу үчүн автоматтык түрдө өчүрүүлөр болду», — деп айтылат маалыматта.

Энергохолдинг ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ошол эле учурда калкты көп учурда энергияны көп талап кылган электр шаймандарын күйгүзбөөгө жана жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырат.

«Учурда энергетика системасындагы абал турукташып калды», — деп кошумчаланды маалыматта.