Аэропорт кызматкерлери Кызыл китепке кирген канаттууну сактап калышты

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун кызматкерлери аба майдандын аймагынан Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген үкүлөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн бири – филинди таап алышты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун фейсбук баракчасы аркылуу кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, канаттуу оор абалда табылган. Аэропорттун кызматкерлери үкүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн бир жумадай убакыт жумшашкан. Бүгүнкү күнү жырткыч куш Германиянын NABU жаратылышты коргоо союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилди.

Маалымат катары:
Филин (Bubo bubo) үкүлөрдүн падышасы болуп эсептелинет. Бул канаттуу күчтүү дене түзүлүшкө ээ, үкүнүн канатынын узундугу 41-52 см, учуу учурундагы канатынын узундугу 150-180 см, салмагы 2,1-3,2 кг түзөт. Филинди токойлордо, талааларда, чөлдөрдө, түздүктөрдө жана тоолордо (3000 метрге чейинки бийикте) кездештирсе болот.