Москвада кыргыз жараны баланын өмүрүн сактап калды

Москванын Внуково аэропортунда кыргызстандык жаран баланын өмүрүн сактап калды. Анын тамагына оюнчуктун кичинекей деталы тыгылып калган. Бул тууралуу блогер Фатих Копаран соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлаган.

«Мен окуя болгон жерден алыс болчумун. Бир кезде баланын апасынын кыйкырыгын уктум. Башында терракт деп ойлодум.

Окуя болгон жерге кыргыз-жигит чуркап барып, Геймлих ыкмасын жасап, баланы сактап калды. Ал болбосо бала чарчап калмак», — деп блогер жазган.

Блогер куткаруучуну сүрөткө тартып жетишпей калганын белгиледи. «Мен болгону «Бардыгы жайындабы?», — деп сурадым. Ал мага: «Ооба, бардыгы ОК», — деп жооп берип, дароо кетип калды», — деп кошумчалаган ал.