Шаардык сот Жээнбековду камакта калтырды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Жээнбековду 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков соттун чечими адилетсиз болуп жатканын белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду.

«Акыркы төрт жыл аралыгында үчүнчү жолу камалышым. Мен Жээнбековдун тушунда дагы Кыргызстандан эч жака кетпейм деп айткам. Бирок тилекке каршы биздин соттор бийликке көз каранды. Тергөөдө иштин купуялуулугу боюнча кол койдуруп алышкан. Деген менен социалдык тармактарда видеолор кескиленип жарыяланып жатат. Муну кандай түшүнсө болот? «,-деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.