Соттук отурумда журналисттерге видео тартууга тыюу салынды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту жапыр кармалган саясатчы, жарандык активисттердин баш коргоо чарасын карап жатат.

Соттун чечими менен отурумда журналисттерге видео тартууга тыюу салынды.

Белгилей кетсек, шаардык сот бүгүн Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дуйшебаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбеков жана Перизат Сурановалардын баш коргоо чарасын карайт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.