Шаардык сот Гүлнара Журабаеваны камакта калтырды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Журабаеваны 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Кармалгандан бери эч кандай тергөө болгон жок», — деди ал

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

314395333 819428675837147 2039804793923479660 n 1536x692 1 Шаардык сот Гүлнара Журабаеваны камакта калтырды