Британиянын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт дипломатиялык миссиясын аяктады. Буга байланыштуу ал төмөнкүдөй билдирүү жасады:

«Лондондон ысык салам!

Жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчи кызматым аяктады. Мен кетип жатканыма кайгырып турам, бирок Кыргызстандай эң кооз өлкөдө жашап, иштеген үч жылдан ашык убактымды жакшы сезимдер менен эстейм.

Мен өлкөнүн келечегине абдан оптимисттик көз караштамын, оптимизмдин себеби да эл. Кыргызстандын алдында оор сыноолор турат, бул чындык, бирок чыгармачыл, эркиндикти сүйгөн адамдардын жардамы менен Кыргызстан гүлдөп-өнүгөт.

Өлкөнүн потенциалы Кыргызстандын бардык жеринде, ар бир региондо, экономиканын түрдүү тармактарында, жаратылышында, баарынан мурда калктын өзүндө ачык көрүнүп турат.

Мен муну Кыргызстанда, жумушта жана күнүмдүк жашоодо дайыма көрдүм. Мен күн сайын укмуштуудай адамдар менен жолуккам — мугалимдер, журналисттер, жарандык демилгелердин жана стартаптардын уюштуруучулары, инклюзия үчүн күрөшкөндөр активисттер, ж.б.

Менин кетишим биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер өзгөрөт дегенди билдирбейт. Элчиликтин таланттуу жана күчтүү командасы Бишкекте калууда, алар да ошондой эффективдүү иштешет. Аларды колдогула, алар үчүн да бул маанилуу.

Чет элдиктерден өлкөгө кандай карайсың деп көп сурашат. Мен Кыргызстанды, тоолорду жана көлдөрдү, эркин көчмөн маданиятын, тамак-аштарын жана албетте элди жакшы көрөм.

Мен бир күнү кайтып келем деп үмүттөнөм — ошондо көрүшкөнчө деп айтам жана силерге бардык жакшылыктарды каалайм!

Баарыңыздарга мени колдоо жана кабыл алуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ар дайым менин жүрөгүмдө жана эсимде болот!»