Сот Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык сот Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Сооронкулованын баш коргоо чарасы эртең, 10-октябрда саат 14:00до каралат.

Жактоочулардын айтымында, Клара Сооронкулова мурда соттолбогонуна карабай анын айып токтомуна мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жазылган.

Тергөөчү башка адамга жазылган айып токтомун алып, ага Клара Сооронкулованын атын кошуп койгон.

Учурда Бишкек шаардык сотунда Клара Сооронкулованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралды.