Милиция кызматкерлеринин жемкорлук фактысы аныкталды

Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча атайын тактикалык машыгууну даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын кымырып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Тактап айтканда, 2022-жылдын июнь айында машыгууну өткөрүү үчүн керектелүүчү болгон материалдык баалулуктарды сатып алууда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары документтерди жасалмалап жана бааларды жогорулатуу жолу менен сатып алууда көрсөтүлгөн техникалык шарттарынын талаптарына жооп бербеген товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алышып, натыйжада мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.