Борбордогу мектепте балдар куртка кийип отурат

Бүгүн, 9-ноябрда борбор каалабыз Бишкектеги Бектурсун Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясына жылуулук берилген эмес. Бул тууралуу маалыматты аталган мектеп-гимназияда окууган  окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Ата-энелердин айтуусуна караганда, бүгүн  окуучулардын  эс алуусу аяктап мектепке барышты. Бирок, №39 мектеп-гимназиясынында жылуулук берилбегендиктен, балдарыбыз сырткы курткаларын чечпей сабак өтүүүгө аргасыз болду дешүүдө.

Буга байланыштуу  ата-энелер Бишкек шаарынын мэриясынын муниципиалдык администрациянына кайрылышып, арыз-даттанууларын кат түрүндө  беришкен. 

Ал эми бул  маселеге  аталган мекеме жооп кайтарып, №39 мектеп-гимназиясына үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу каражат бөлүү пландалып жатканын билдирген.

Ошондой эле, катта  Октябрь райондук билим берүү борбору тарабынан 1548,6 миң сом сметалык баасы көрсөтүлгөн кат даярдалганын, жакынкы аралыкта Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №39 мектеп-гимназиясынын  жылуулук системасын оңдоо боюнча тендерге материалдарды даярдай турганы жазылат. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы  мектептеринде 1нен 8-ноябрга чейин күзгү каникул болуп, бүгүн 9-ноябрда сабактар башталды.  

zagruzka 2 Борбордогу мектепте балдар куртка кийип отурат